Жарыяланган
2025-17-06, 13:00Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда Астана шаарында өтүп жаткан "Борбор Азия – Кытай" саммитинин алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда эки өлкөнүн алакасы, кызматташтыгы талкууланган.
Кытай тарап Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин бекемдөөгө, потенциалын арттырууга, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга жана элдин бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган бардык аракеттерин колдой турганын билдирген.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан Кытай менен болгон мамилелерге өзгөчө маани берерин баса белгилеген. Ал эки өлкө көптөгөн эл аралык аянтчалардын алкагында жемиштүү иштешип жатканын айткан.
Тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтуларын ырастаган.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду:
- КР министрлер кабинетинин жана КЭР өкмөтүнүн ортосундагы "Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматынын бөлүмдөрүн адистештирилген техника менен камсыздоо" долбоорун ишке ашыруу боюнча кат алмашуу формасында түзүлгөн макулдашуу;
- КР Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги менен КЭР Өнүктүрүү жана реформалоо боюнча улуттук комитетинин ортосундагы Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө-мамлекети КР менен КЭРдин ортосунда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кызматташуу борборун биргелешип түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен КЭР Өнөр жай жана маалыматташтыруу министрлигинин ортосундагы Кайра иштетүү өнөр жайы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КР Саламаттык сактоо министрлиги менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Чек арадагы саламаттык сактоо жана карантин жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз улуттук "Кабар" мамлекеттик агенттиги менен Кытайдын Медиакорпорациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
- КРнын "Слово Кыргызстана" басма үйү менен КЭРдин "Синьхуа" маалымат агенттигинин ортосундагы Жаңылыктар жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму.