Akchabarsearch
Кыргызстандын ички карызы 800 млн сомго көбөйөт

Жарыяланган

2025-08-10, 15:00

Кыргызстандын ички карызы 800 млн сомго көбөйөт

Каржы министрлиги 10-октябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 800 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат. 

Буга чейин, 12-сентябрда облигация чыгаруу менен министрлик дээрлик 400 млн сом карыз алган.

Белгилей кетсек, 6-октябрга карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 8.195 млрд сом карызы бар.

 


Тектеш материалды окуу