Akchabarsearch
Кыргызстандын ички карызы 400 млн сомго көбөйөт

Жарыяланган

2025-09-09, 16:20

Кыргызстандын ички карызы 400 млн сомго көбөйөт

Каржы министрлиги 12-сентябрда эки жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 400 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат. 

Буга чейин, 22-августта облигация чыгаруу менен министрлик дээрлик 580 млн сом карыз алган.

Белгилей кетсек, 8-сентябрга карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 7.787 млрд сом карызы бар. 

 


Тектеш материалды окуу