
Жарыяланган
2026-15-01, 10:02Каржы министрлиги 16-январда 2 жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 550 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Акыркы жолу министрлик былтыр 11-ноябрда облигация чыгаруу менен 245 млн 640 сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 12-январга карата Каржы министрлигинин 2 жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 8 млрд 829 млн сом карызы бар.
Салыштырсак былтыр 13-январда бул сумма 4 млрд 303 млн 722 миң сом болчу. Демек бир жылда 2 жылдык баалуу кагаздар боюнча карыз бир жылда дээрлик эки эсеге өскөн.



