
Жарыяланган
2026-21-01, 14:22Каржы министрилиги 22-январда бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 150 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Буга чейин, 15-январда облигация чыгаруу менен министрилик 160 млн 362 миң сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 19-январга карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2 млрд 985 млн сом карызы бар.



