
Жарыяланган
2026-12-01, 17:47Каржы министрлиги быйыл алгачкы жолу 15-январда бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 150 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.
Акыркы жолу министрлик былтыр 4-сентябрда облигация чыгаруу менен 233 млн сом карыз алган.
Белгилей кетсек, 12-январга карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик казына облигациялары боюнча 2.98 млрд сом карызы бар.



