Akchabarsearch
Каржы министрлиги пландагандан көбүрөөк суммада карыз алды

Жарыяланган

2026-16-01, 11:49

Каржы министрлиги пландагандан көбүрөөк суммада карыз алды

Быйыл 15-январда Каржы министрлиги 12 айлык мамлекеттик казыналык облигацияларын жайгаштыруу аркылуу 160.3 млн сом карыз алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

Министрлик 150 млн сом алууну көздөгөн, бирок суроо-талап 160.3 млн сомго чейин жеткен. 

Бул баалуу кагаздар боюнча орточо кирешелүүлүк жылына 10.5%ды түзүп, өткөн жылдын 4-сентябрында өткөн аукциондогу көрсөткүч менен бирдей болду.

Эскерте кетсек, бул быйылкы жылдын биринчи аукциону болуп, мамлекет алгачкы жолу ички карыз алды. 12-январга карата бир жылдык баалуу кагаздар боюнча жалпы карыз 2.98 млрд сомду түзөт.
 


Тектеш материалды окуу