Akchabarsearch
    Кыргызстанга 40.2 млн сомго 355 миңдей көз айнек импорттолду

    Жарыяланган

    2025-11-08, 15:30

    Кыргызстанга 40.2 млн сомго 355 миңдей көз айнек импорттолду

    Быйыл беш айда Кыргызстанга чет жактан 354  миң 715 даана көз айнек импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

    Сырттан ташылып келген көз айнектердин жалпы баасы 40 млн 266 миң сомду же 461.7 миң долларды түзгөн. 

    Көз айнектердин көбү же 308 миңден ашыгы Кытайдан импорттолгон. Россиядан 26 миң 928, Түркиядан 13 миң 522, Италиядан 2 миң 677, Бириккен Араб Эмираттарынан 1 миң 520, Казакстандан 961, Кытайлык Тайбейден (Тайвань) 815, Корядан 125 даана көз айнек ташылып келген. 

    Ошондой эле көз айнек Австрия, Бангладеш, Въетнам, Германия, Индия, Таиланд, Өзбекстан жана Япониядан да импорттолгон. Бул өлкөлөрдөн Кыргызстанга баш-аягы 122 даана көз айнек келген. 


    Тектеш материалды окуу