
Жарыяланган
2026-29-07, 14:472026-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга 514.65 млн сомго жүгөрү импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 2 мин 636.8 тонна жүгөрү импорттолгон.
Жүгөрү Кыргызстанга ондон ашык өлкөдөн ташылган. Бирок анын көбү Россиядан (1 миң 490 тонна) келген.
2025-жылдын январь-апрель айларына караганда быйылкысында импорт 1 миң 356.3 тоннага көбөйгөн. Былтыр төрт айда Кыргызстанга 1 миң 282.6 тонна жүгөрү ташылган.



