Akchabarsearch
    Кыргызстанга чет жактан дээрлик 18 миң тонна картошка ташылып келди

    Жарыяланган

    2025-02-07, 12:23

    Кыргызстанга чет жактан дээрлик 18 миң тонна картошка ташылып келди

    Быйыл жыл башынан бери 27-июнга Кыргызстанга чет жактан 17 миң 792.4 тонна картошка ташылып келди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

    Министрлик белгилегендей, чет жактан импорттолгон картошканын документтери (фитосанитардык сертификаты, товардык-транспорттук коштомо кагазы) текшерилет, андан тышкары Өсүмдүктөрдүн карантини лабораторияларында зыяндуу организмдердин бар-жогун билүү үчүн картошкадан үлгүлөр алынат. Ошондой эле пестицид, нитраттардын ченемден ашпаганын аныктоо үчүн адистештирилген токсикологиялык лабораторияларда текшерүү жүргүзүлөт. 

    Текшерүүнүн жыйынтыгы менен документтер туура болуп, лабораториянын жыйынтыгы таза чыккандан кийин гана картошканы өлкөгө алып кирүүгө уруксат берилет.


    Тектеш материалды окуу