Жарыяланган
2025-21-10, 10:50Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет өлкөдөн 2 миң тоннадан ашык балмуздак импорттогон. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Кыргызстан балмуздакты алты өлкөдөн ташып келген: Казакстан, Беларусь, Иран, Россия, Түркия, Өзбекстан.
Балмуздактын көбү өлкөгө Казакстандан келген. Коңшу өлкөдөн 1.4 тоннадай балмуздак сатып алынган (391.1 млн сом).
Дагы 321.2 тонна – Россиядан (87.7 млн сом), 144.1 тонна – Өзбекстандан (14.8 млн сом), 100.3 тонна – Беларустан (12.4 млн сом), 38 тонна – Түркиядан (28.3 млн сом) жана 10.6 тонна балмуздак Ирандан (2.9 млн сом) импорттолгон.
Чет жактан сатып алынган балмуздактын жалпы баасы 537 млн сомдон ашкан.