Akchabarsearch
Кыргызстанга ташылган бир нече азык-түлүк бажы төлөмүнөн бошотулду

Жарыяланган

2026-03-02, 10:35

Кыргызстанга ташылган бир нече азык-түлүк бажы төлөмүнөн бошотулду

Кыргызстанга чет жактан импорттолгон бир нече азык-түлүк бажы төлөмдөрүнөн бошотулду. Мындай чечим 30-январдагы Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынганын Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Бажы төлөмүнөн бодо малдын эти, чийки камыш канты, жемиштер, какао-майы бошотулууда.

Тактап айтканда:

1. Бодо малдын жаңы же муздатылган, же болбосо тоңдурулган этин импорттогондор 2026-жылдын 31-декабрына чейин бажы төлөмүн төлөбөйт. 5 миң тонна эт ташып келүүгө уруксат берилет. 

2. Чийки камыш кантын ташып келгендер быйылкы жылдын аягына чейин бажы алымынын бошотулат. 20 миң тонна импорттоого болот. 

3. Жемиштердин бир нече түрү жыл аягына чейин алымдан бошотулат:

— банан— 3 000 тонна

— мандарин— 2 500 тонна

—жүзүм — 1 500 тонна

— апельсин — 1 000 тонна

— манго — 500 тонна

—  киви — 500 тонна

4. 300 тонна какао-майын бажы алымысыз ташып келүүгө болот. Бул жеңилдик быйылкы жана келерки жылдын 30-апрелине чейин берилет. 

Аталган жеңилдик берилген азык-түлүк өлкө ичинде иштетилип, колдонулуп, кайра экспортко чыгарылбашы керек. 

Эт, чийки камыш кантын бажы төлөмү жок импорттоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдан керектүү документтер алыныш керек. 


Тектеш материалды окуу