Akchabarsearch
Эмгек акыны кечиктирип төлөгөн иш берүүчү айып төлөйт

Жарыяланган

2026-03-02, 12:05

Эмгек акыны кечиктирип төлөгөн иш берүүчү айып төлөйт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу эскертет.

Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы өзгөртүүлөрдө айлыкты кечиктирип берген иш берүүчү төлөй турган айыптын бирдиктүү пайызы белгиленген. 

Эми иш берүүчү эмгек акыны, өргүү акысын, жумуштан бошотуу учурундагы эсептешүүнү же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, ал ар бир кечиктирилген күн үчүн айлык акысынын суммасынан кошумча 0.25 пайыз акча төлөөгө милдеттүү. 

Ошондой эле Эмгек кодексинде доо коюу мөөнөтү аныкталды. Эгер иш берүүчү эмгек акыны өз убагында төлөбөсө, кызматкер сотко кайрылып, каражатты өндүрүп алуу үчүн 3 жылдык мөөнөт берилет. Эсептөө эмгек акы төлөнүшү керек болгон күндөн баштап жүргүзүлөт. 


Тектеш материалды окуу