Akchabarsearch
    Ун чыгарган ишканаларга жылына 200 миң тоннадан кем эмес буудай өндүрүү тапшырмасы берилди

    Жарыяланган

    2025-21-07, 09:47

    Ун чыгарган ишканаларга жылына 200 миң тоннадан кем эмес буудай өндүрүү тапшырмасы берилди

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев ун чыгарган ишканаларга жылына 200 миң тоннадан кем эмес буудай өндүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал Чүйдөгү «Орион–Экстра» жаңы тегирмен комплексинин курулушуна капсула салып жатып билдирди. 

    Анын айтымында, жылына 200 миң тонна буудай өндүрүү менен Кыргызстан өзүн 4-5 айга жете тургандай ун менен камсыз кыла алат. 

    "Баардык көрүлүп жаткан чаралар буудайдын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган. Эгерде буудайдын килограммын 15 сомдон сата берип, тармакка көңүл бурбасак, биз Казакстандын, Россиянын буудайына атаандаштык кыла албайбыз. Ошол себептен ун өндүрүүчүлөр элеттеги дыйкан-фермерлер менен тыгыз иштеп, көйгөйлөрүн жакындан билип, чече турган болсок абал жакшырат. Айыл чарба министрлиги болсо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр", - деди ал. 


    Тектеш материалды окуу