
Жарыяланган
2026-27-04, 17:10Акыркы 10 жыл ичинде Кытайдын инвестициялары 80%га өсүп, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында 66 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын «Өз ара инвестицияларга мониторинг жүргүзүү» долбоорунун алкагында даярдалган докладда айтылат.
Докладда Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулган. Кытайдан келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 2016-жылы 826 млн доллар болсо, 2025-жылдын ортосуна карата 2.1 млрд долларга чейин өскөн. Ошондой эле Кыргызстандын Борбор Азиядагы Кытай инвестициялык портфелиндеги үлүшү 4.2%дан 5.8%га чейин жогорулаган.
Аналитиктер акыркы жылдары капитал агымынын ылдамдаганын белгилешет. 2022-жылдан 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгына чейинки мезгилде жалпы инвестициялардын көлөмү дээрлик 1.8 эсеге көбөйгөн.
Инвестициялардын түзүмү да акырындык менен өзгөрүп жатат. Мурда Кытай капиталы негизинен чийки зат тармагына багытталса, азыр иштетүү өнөр жайы жана энергетика тармагынын үлүшү өсүүдө. Кыргызстанда инвестициялардын 34%ы (722 млн доллар) казып алуу секторуна туура келет. Ал эми иштетүү өнөр жайынын үлүшү 37%га (780 млн доллар) жетип, өсүү темпи жогору болууда.
Бул тенденция өлкөдө чийки затка негизделген моделден өндүрүштү өнүктүрүүгө жана индустриялык базаны кеңейтүүгө өтүү жүрүп жатканын көрсөтөт.



