Akchabarsearch
Соцфонд  мамлекеттик баалуу кагаздарга 9 млрд сомдон ашык инвестиция салды

Жарыяланган

2025-08-09, 13:26

Соцфонд мамлекеттик баалуу кагаздарга 9 млрд сомдон ашык инвестиция салды

Соцфонд 2025-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 9 млрд 378 млн 400 миң сом инвестиция салды.

Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондунун бир бөлүгү 4 млрд 105 млн сом суммадагы акчаны коммерциялык банктарга 12 жана 18 айга депозиттик салымдарга салып, жылдык 12.1—13% киреше алды.

Ошондой эле 1 млрд 750 млн сомдук КРнын эмитенттеринин акцияларына инвестиция салынды.

Аталган мөөнөттө жалпы 15 млрд 233,4 млн сомдук инвестиция жасалды.

2025-жылдын январь-август айларында аталган фонддун мурда салынган инвестицияларынан төмөнкү кирешелер алынды:

•    мамлекеттик баалуу кагаздардан киреше — 3 млрд 976.7 млн сом;
•    депозиттик салымдардан пайыздык киреше — 583.8 млн сом;
•    ГНПФ эсептериндеги күндөлүк калдыктардан эсептелген пайыздар — 21.1 млн сом;
•    башка кирешелер — 0.4 млн сом.

 


Тектеш материалды окуу