Akchabarsearch
Кытайлык компаниялар менен Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу талкууланды

Жарыяланган

2026-23-09, 16:16

Кытайлык компаниялар менен Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Кытайдын CNPC жана Sinopec мунай компанияларынын жетекчилери менен жолукту. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда мунайды кайра иштетүүчү завод куруу, мунай кендерин чалгындоо жана иштетүү, ошондой эле кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мунай продуктуларын өткөрө турган куур салуу боюнча долбоорлор талкууланган..

Азыр Кыргызстан Кытайдан мунайзат сатып алып жаткандыктан, аны жеткирүүгө кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө пункттарынын жанында мунай кампаларын куруу маселеси каралган. 


Тектеш материалды окуу