Akchabarsearch
Жети айда Кыргызстанга 519.9 млн сомго бадыраң импорттолду

Жарыяланган

2026-23-09, 14:06

Жети айда Кыргызстанга 519.9 млн сомго бадыраң импорттолду

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанга 519.9 млн сомго бадыраң импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Жети айда өлкөгө 9.2 миң тонна бадыраң ташып келинген. 

Ал Кыргызстанга Өзбекстан (6.2 миң тонна), Казакстан (1.3 миң тонна), Кытай (1.1 миң тонна), Иран (592.5 тонна), Тажикстан (44.5 тонна) жана Афганистандан (2.9 тонна) импорттолгон.

2025-жылдын жети айына караганда быйылкысында бадыраңдын импорту дээрлик 4.7 миң тоннага азайган. Былтыр январь-июль айларында Кыргызстанга 4.5 миң тонна бадыраң импорттолгон. 


Тектеш материалды окуу