Akchabarsearch
Депутат "Кыргыз почтасынын" почточуларынын айлыгын көтөрүү керектигин билдирди

Жарыяланган

2026-23-09, 12:16

Депутат "Кыргыз почтасынын" почточуларынын айлыгын көтөрүү керектигин билдирди

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасында иштеген почточулар айлык маянасын көтөрүүнү суранууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-сентябрдагы жыйынында депутат Нуржамал Төрөбекова билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз почтасы" өз нанын өзү таап жеген ишкана болуп саналат. Анын почточулары элге социалдык мааниси чоң кызматты көрсөтүп келишет.

"Алар өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде эң алыскы айылдарга пенсия, жөлөкпулдарды, кат-кабарларды жеткирип иштешет", - дейт ал.

Депутаттын айтымында, азыр почточулардын айлыгы 5 миң сомдун тегерегинде гана болуп, турмуш-тиричилик үчүн жетерлик эмес. 

Ал өкмөт менен "Кыргыз почтасынын" жетекчилигине кайрылып, почточулардын айлагын көтөрүү маселесин карап чыгууну суранды. 


Тектеш материалды окуу