
Жарыяланган
2026-24-09, 15:39Бишкек шаарында күч түзүмдөрүндө иштеп, пенсияга чыккан жарандарга муниципалдык автобустарда акысыз жүрүүгө шарт түзүү пландалууда. Тиешелүү токтом долбоорун борбор калаанын мэриясы даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Сунушка ылайык, аскер кызматында, күч түзүмдөрүндө, ички иштер органдарында, аскердик деп саналган кызматта кызмат өтөп, пенсияга чыккан жана жашы жалпы пенсиялык куракка жеткен (эркектер - 63, аялдар - 58 жаш) пенсионерлер автобустарда акысыз жүрө алат.
Бул жеңилдик каттоосу Бишкекте болгон күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине берилет. Мэриянын эсеби боюнча, андай пенсионерлердин саны 2622ни түзөт. Аларга автобуста акысыз жүрүшү үчүн шаардын бюджетинен 2027-жылга 32.1 млн сом акча кетет деп эсептелген.
Аталган жеңилдик 2027-жылдан тарта киргизилет.



