Akchabarsearch
"Коопсуз шаар": Айыпка илинген айдоочулар бюджетке 1.76 млрд сом төлөдү

Жарыяланган

2026-24-09, 16:26

"Коопсуз шаар": Айыпка илинген айдоочулар бюджетке 1.76 млрд сом төлөдү

Жол эреже бузганы "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына түшүп калып, айыпка илинген айдоочулар 2026-жылдын январь-август айларында бюджетке 1 млрд 761.7 млн сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

2025-жылдын сегиз айына караганда быйылкысында айдоочулар төлөгөн айыппулдардан өлкө бюджетине 823.2 млн сомго көбүрөөк акча түшкөн.

Былтыр январь-август айларында айыппулдардан бюджет 938.5 млн сомго толгон. 

Эскерте кетсек, август айында өкмөт ушул айыппулдардан бюджетке түшкөн акчанын 50%ы Саламаттык сактоо министрлигине берилсин деген чечим кабыл алган. Ал акча тез жардам унааларды жана аларга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалат.


Тектеш материалды окуу