
Жарыяланган
2026-24-09, 17:22Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан үйлөр жакында ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалым болгондой, азыр аталган үйлөрдүн курулуш иштери 90%га аяктаган.
Бул турак жай комплекси 4 көп кабаттуу үйдөн турат. Аларда жалпы 212 батир каралган. Алардын ичинде бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлер бар.
Турак жай комплекси Молдоев көчөсүндө жайгашкан.



