
Жарыяланган
2026-24-09, 18:12Кыргызстанда чогултулган алгачкы кыргыз спутник космоско учурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Аталган спутник «Кыргыз Асман» мамлекеттик ишканасында чогултулган. Аны иштеп чыгып, кураштырууга 2.5 жыл убакыт кеткен.

Азыр аны космоско учурууга даярдык көрүлүүдө. Болжол менен ал октябрь айынын башында АКШнын Калифорния штатынан учурулганы жатат.
Бул спутник негизинен айыл чарба тармагында колдонулат. Андан алынган маалыматтар эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, айыл чарба жерлерин жана жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин эрте аныктоого жана түшүмдүүлүккө алдын ала баа берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле спутниктик мониторинг мөңгүлөрдүн, суулардын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүүгө шарт түзөт.

«Спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу айыл чарба тармагында алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңеет. Ошондой эле экологияга, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бирок спутник биринчи кезекте айыл чарбасын өнүктүрүү багытында колдонулат», – деди министр Эрлист Акунбеков.



