
Жарыяланган
2026-24-09, 14:01Кыргызстанда чет өлкөлүк рынокторго чыгуучу компанияларды каржылоо үчүн өзүнчө экспорттук банк түзүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу «КыргызЭкспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборунун директору Урмат Такиров билдирди.
Анын айтымында, мындай институтту түзүү узак мөөнөттүү максаттардын бири. Ага чейин тиешелүү мыйзамдык база даярдалып, зарыл инфраструктура түзүлүп, мындай каржылоону пайдалана ала турган экспорттоочу компаниялардын саны көбөйүшү керек.
Такировдун маалыматына караганда, биринчи этапта экспорттоочуларды Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу каржылоону күчөтүү каралууда. Учурдагы планга ылайык, банктын капиталын үч жыл ичинде 5 млрд сомдон ашык көбөйтүү пландалууда.
Каржылоо экспорттук келишимдерге жараша түзүлөт. Бул багытта Каржы министрлигине тиешелүү тапшырмалар берилген.
Такиров экспорттоочуларга атайын каржы инструменттери керек экенин белгиледи. Анын айтымында, каржылоого жетүү тышкы рынокторго товар чыгарууну кеңейтүүдөгү негизги шарттардын бири болуп саналат.



