Akchabarsearch
Экспортко иштеген ишканалар «Кепилдик фонд» аркылуу 6.9 млрд сомдон ашык насыя алды

Жарыяланган

2026-16-07, 15:12

Экспортко иштеген ишканалар «Кепилдик фонд» аркылуу 6.9 млрд сомдон ашык насыя алды

«Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосу менен 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча экспортко багытталган ишканалар 10 жыл ичинде дээрлик 6.9 млрд сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартышты.

Быйыл 30-июнга карата «Кепилдик фонд» ААКсынын 10 жылдык ишмердүүлүгүнүн алкагында экспортко багытталган 232 ишкана кепилдик колдоого ээ болду. 

Берилген кепилдиктердин жалпы суммасы 2 млрд 93.7 млн сомду түзүп, анын негизинде ишкерлер 6 млрд 857.3 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартышкан.

Тармактык түзүмгө жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, колдоонун негизги бөлүгү өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы ишканаларга туура келет. Бул эки тармакка берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 81%ы жана тартылган кредиттик каражаттардын 82%ы туура келет.

Атап айтканда, айыл чарба тармагындагы ишканаларга 911.2 млн сом суммасына 89 кепилдик берилип, анын натыйжасында 2 млрд 945.7 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттар тартылган.

Өнөр жай тармагындагы ишканаларга 777.3 млн сом суммасына 93 кепилдик берилип, анын негизинде алар 2 млрд 703.4 млн сом көлөмүндө банктык кредиттерди алышкан.

Ошондой эле курулуш, кызмат көрсөтүү, соода жана транспорт тармактарындагы ишканаларга да кепилдик колдоосу көрсөтүлгөн.

Кепилдиктердин эң көп саны Бишкек шаарынын (74), Чүй облусунун (55), Талас облусунун (28) жана Жалал-Абад облусунун (24) ишкерлерине берилген.


Тектеш материалды окуу