Akchabarsearch
Жер агенттиги: Кызыл китеп алынганы менен жарандын жерге болгон менчик укугу сактала берет

Жарыяланган

2026-23-09, 17:15

Жер агенттиги: Кызыл китеп алынганы менен жарандын жерге болгон менчик укугу сактала берет

Жаран үй сатып алгандан кийин жердин кызыл китеби (мамлекеттик акт) алынып, анын ордуна кадастрдык план берилгени менен жаран үйдүн да жана жердин ээси болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Жер  ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тилек Жээнбаев билдирди.

Жыйында депутат Исманали Жороев Жер ресурстары агенттиги кызыл китепти жоюп салганын айтып, ал эмне максатта жасалганын сурады. Маселен мурда жарандын колунда кызыл китеби болгон, азыр агенттик ал документти электрондук кылып койду.

"Азыр кызыл китеп жоюлуп кетти. Анын ордуна QR-код менен документ берип жатасыздар. Кызыл китепти жойгондун эмне зарылчылыгы бар эле?", - деди ал.

Тилек Жээнбаевдин айтымында, бир жаран үй сатып ала турган болсо, ага үйдүн техпаспорту мурункудай кагаз түрүндө берилет. Ал эми мамлекеттик акты кадастрдык планга алмаштырылууда. Азыр кадастрдык план санарип форматка өткөрүлүп жатат. Аны жердин ээси "Түндүк" тиркемесинен көрө алат.

Жээнбаев билдиргендей, кызыл китеп алынганда ал колдонуудан гана чыгарылат. Анын ордуны кадастрдык план берилип, аны алган жаран жердин ээси катары саналат. 


Тектеш материалды окуу