Akchabarsearch
Мэрия: Баткен шаарында уй эти 775 сомдон, кой эти 850 сомдон кымбат сатылбашы керек

Жарыяланган

2026-23-09, 18:06

Мэрия: Баткен шаарында уй эти 775 сомдон, кой эти 850 сомдон кымбат сатылбашы керек

Баткен шаарында уй эти 775 сомдон, кой эти 850 сомдон кымбат сатылбашы керек. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Маалым болгондой, азар шаарда жергиликтүү бийлик эттин баасына көзөмөлдү күчөттү.

Мэр Сейтек Кулубаев Монополияга каршы кызматтын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ветеринардык кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы эт саткан жайларды кыдырып, эттин бааларын текшерген

Анын жүрүшүндө сатуучуларга уй этинин килограммы 775 сомдон, кой эти 850 сомдон сатылышы керектиги эскертилген.

Мэрдин айтымында, шаар тургундарын жеткиликтүү баада эт менен камсыз кылуу үчүн эт саткан муниципалдык дүкөн ачылган. 
 


Тектеш материалды окуу