Akchabarsearch
«Көк-Арт» өткөрмө пунктунан түшкөн каражат жол оңдоого жумшалат

Жарыяланган

2026-09-07, 16:08

«Көк-Арт» өткөрмө пунктунан түшкөн каражат жол оңдоого жумшалат

Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолундагы «Көк-Арт» төлөм алуу пункту иштей баштады. Ал жолдун 318-чакырымында жайгашкан.

Транспорт министрлигинин маалыматына ылайык, төлөмдөр накталай эмес түрдө гана кабыл алынат. Айдоочулар жол акысын QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.

«Көк-Арт» туннели Кыргызстандагы эң узун автомобиль туннели болуп саналат. Анын узундугу 3 чакырым 890 метрди түзөт. Туннелдин жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу жана авариялык байланыш системаларын үзгүлтүксүз иштетүү үчүн туруктуу каржылоо талап кылынат.

Түшкөн каражаттар жолду тейлөөгө, оңдоого жана коопсуздукту камсыз кылууга жумшалат.

Төлөмдүн өлчөмү төмөнкүдөй:

· жеңил автоунаалар үчүн — 100 сом;
· 5 тоннага чейинки кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалар үчүн — 250 сом;
· автобустар жана орточо жүк ташуучу унаалар үчүн — 500 сом;
· оор жүк ташуучу унаалар үчүн — 700 сом;
· чиркегичтүү жана ири жүк ташуучу унаалар үчүн — 1000 сом.

Ал эми чет өлкөлүк жана транзиттик унаалар үчүн тарифтер жогору болот.

Өткөрмө пунктунда сегиз кыймыл тилкеси уюштурулуп, бул унаалардын тез жана үзгүлтүксүз өтүшүнө шарт түзөт.


Тектеш материалды окуу