
Жарыяланган
2026-09-07, 18:21Курулуш министри Нурдан Орунтаев айлыгынан тышкары президенттин фондунан кошумча акча алып турарын билдирди.
Орунтаевдин айтымында, маянасына кошулуп берилген акча жетекчилер коррупцияга аралашпашы үчүн, кошумча кем-карчына деп берилет. Ал президенттин фондунан алган акчанын суммасын ачыктаган жок.
Министр азыр алып жаткан айлыгы бардыгына жете турганын айтты.
Эскерте кетсек, буга чейин Нурдан Орунтаев 100 миң сомго жакын айлык ала турганын билдирген.
Ошондой эле буга чейин тррнаспорт министри Талантбек Солтобаев айлыгы 70-80 миң сом экенин, анданы тышкары президенттин фондунан жетекчилер коррупцияга аралашпасын деп берилген акчаны аларын айткан.



