Akchabarsearch
Өкмөт 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Жарыяланган

2026-28-09, 10:34

Өкмөт 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Министрлер кабинетинин 25-сентябрдагы жыйынында «Кыргызстандын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, жактырылды. Эми бул документ Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. 

Жыйында минкаб башчысы Адылбек Касымалиев акыркы жылдардагы экономикалык жетишкендиктерге токтолуп, 2021-2025-жылдары өлкө экономикасы 47% өсүп, өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына киргенин белгиледи. Алсак, 2025-жылы ИДП 11,1%га өссө, 2026-жылдын 8 айында 11%ды түздү.

“Эң негизгиси – бул өсүш мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүгүнө, ал эми көбөйгөн мүмкүнчүлүк эл көрүп, эл пайдалана турган конкреттүү иштерге айланып жатат”- дейт Адылбек Касымалиев.

2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 727,3 млрд сомду түзөт. Бул 2026-жылга салыштырмалуу 176,1 млрд сомго же 31,9%га көп. Анын ичинде салыктык кирешелер – 634 млрд сом.

Адылбек Касымалиев бюджеттин көбөйүшү менен 2027-жылы социалдык тармакка өзгөчө көңүл бурулаарын белгиледи.

- Билим берүүгө – 134,2 млрд сом (+45,2 млрд);
- Саламаттык сактоого – 76,4 млрд сом (+21,7 млрд);
- Социалдык коргоого – 47,3 млрд сом (+21,6 млрд).

2027-жылдан тартып бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку төлөмү бериле баштайт. Ошондой эле “бала ырысы» жөлөкпулу жана шарты катаал бийик тоолу аймактардагы электр энергиясына 50% компенсация уланат.

Адылбек Касымалиев, ар бир бөлүнгөн сом үчүн конкреттүү жыйынтык алуу негизги талап болорун эске салып, бюджеттик тартипти сактоо, каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча бир катар тапшырмаларды берген.


Тектеш материалды окуу