Akchabarsearch
Кочкордо баасы 7 млн сомду жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды

Жарыяланган

2026-16-02, 15:12

Кочкордо баасы 7 млн сомду жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды

Кочкордо мыйзамсыз берилген жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2012-жылы Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында калктуу конуштун ичинде жайгашкан, жалпы аянты 0,40 гектарды түзгөн жер тилкелери мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталды.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 млн 200 миң сомду түзгөн калктуу конуштун ичиндеги жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды.


Тектеш материалды окуу