Akchabarsearch
Таш-Дөбө айылында 1,01 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Жарыяланган

2026-09-02, 11:17

Таш-Дөбө айылында 1,01 гектар жер мыйзамсыз берилгени аныкталды

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Дөбөн айыл өкмөтүнүн мурдагы кызмат адамдары Р.Э.ге Чүй “Сейил” участогунда жайгашкан 1,01 гектар жер тилкесин мыйзамсыз бергени аныкталган.

Жогоруда аталган жер участогун берүүдө мыйзамдардын бузулушуна жол берилгени аныкталган.

Бул фактынын негизинде  УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, Н.А. кармалган.

Учурда жогоруда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Тектеш материалды окуу