Akchabarsearch
Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Жарыяланган

2025-12-03, 16:09

Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды

Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Туризм департаментинин жамаатына жаңы директор Эрденет Касымовду тааныштырды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Эрденет Касымов 1993-жылы 21-октябрда туулган. 2015-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит" адистиги боюнча бакалаврды аяктаган.

Ал буга чейин Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору" мамлекеттик мекемеси МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү жана ишке ашыруу бөлүмүнүн улук эксперти болуп иштеп жаткан.


Тектеш материалды окуу