
Жарыяланган
2026-01-09, 14:40"Үй-бүлөгө" көмөк жөлөкпулун алган колунда жок үй-бүлөлөргө электр энергия үчүн каралган тарифтик жеңилдиктин ордуна акчалай компенсация төлөө пландалууда. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору учурда коомдук талкууга чыгарылды.
Белгилүү болгондой, Кыргызстанда "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган жарандарга жеңилдик катары 700 кВт/саатка чейинки электр энергиянын бир киловаттына 50 тыйын деген тариф коюлган. 1-июлга карата Кыргызстанда 41.6 миңден ашык үй-бүлө "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алып жаткан. Анын ичинен 95%ы жанагы жеңилдикти колдонсо, 5%ы үйү жоктугунан, дайымкы каттоо дареги жок болгондуктан жеңилдикти пайдалана албай келет.
Эми ошол 50 тыйын деген арзан тарифтин ордуна аларга акча түрүндө кенемте берүү пландалууда. Мындайча айтканда аларга электр энергия элге сатылган тариф менен эле бериле баштайт. Бирок 50 тыйын менен электр энергиянын тарифинин ортосундагы айырманы мамлекет акчалай бере турган болот.
Кенемте кандай берилет?
Сунушка ылайык, күн жылуу мезгилде, 1-апрелден 1-октябрга чейин аларга 400 кВт/саат, кышкы мезгилде, 1-октябрдан 1-апрелге чейин 500 кВт/саат үчүн кенемте төлөнөт. Аталган токтом кабыл алынса, 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Азыр жарандар үчүн бир киловатт 1 сом 64 тыйын турса (700 кВт/саатка чейин). Ал эми 50 тыйындан төлөйт.
Тарифтик жеңилдик алынгандан кийин колунда жок үй-бүлөлөр үчүн тариф 50 тыйын эмес, эл катары эле 1 сом 64 тыйындан болуп калат. Ошол эле учурда алар 50 тыйынды азыркыдай эле өз чөнтөгүнөн чыгарса, 1 сом 14 тыйынды мамлекет акча түрүндө берет.
Мисалы, аталган жөлөкпулду алган абонент сентябрь айында 400 кВт/саат электр энергия иштетсе (1.64 сомдон), айына 656 сом чыгат. Бул акчанын 200 сомун жаран төлөсө, калган 456 сом ага бюджеттен акчалай түрдө берилет. Бирок 500 кВт/саат электр энергия колдонсо, жанагы 400дөн ашкан 100 киловатты ал толугу менен өзү 1.64 сомдон төлөп калат.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр кенемтени жөлөкпул менен бирге ай сайын алып турушат.



