
Жарыяланган
2026-01-09, 12:382026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан чет жакка дээрлик 58 млн сомго бал экспорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Жарым жылда чет жакка жалпы 189.1 тонна бал сатылган.
Бал 20дай өлкөгө экспорттолгон. Анын көбү Өзбекстан (103.3 тонна), Кытай (35.9 тонна) жана Японияга кеткен.
2025-жылы жарым жылда чет жакка 146.7 тонна бал сатылган.



