Akchabarsearch
Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтө турганын жарыялады

Жарыяланган

2026-17-02, 17:33

Конституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтө турганын жарыялады

Президентинин кезектеги шайлоосу 2027-жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт. Бул тууралуу Конституциялык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоо кийинки жылдын 24-январында өтөт.  Шайлоону дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен  жүргүзүлүшү керек.

Эске салсак, 11-февралда Конституциялык сотко Садыр Жапаров ыйгарым укуктарынын мөөнөтү, кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду чечмелеп берүү өтүнүчү менен кайрылган.


Тектеш материалды окуу