
Жарыяланган
2026-25-09, 13:372027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 1.2 млрд сом каралды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Анын ичинен 646.56 млн сом 2026-жылга, 553.44 млн сом 2027-жылга каралган. Ошондой эле кайра добуш берүү үчүн 240 млн сом жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын добуш берүүсүн камсыз кылууга 53.2 млн сом бөлүнөт.
Шайлоону өткөрүү үчүн 2 653 участкалык шайлоо комиссиясы иштейт. Анын ичинен 100 шайлоо участкасы чет өлкөлөрдө, 40 участка аралыктан добуш берүү үчүн түзүлөт.
Участкалык комиссияларда жалпысынан 26 819 адам иштейт. Алардын арасында автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн 5 066 оператору жана идентификациялоо системаларынын 5 066 оператору бар. Комиссия мүчөлөрүнө шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 3 миңден 8 миң сомго чейин сый акы төлөнөт.
Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго жана 600 техникалык колдоо адисине да сый акы каралган.
Каражаттар шайлоо комиссияларын камсыздоого, кызматкерлерди окутууга, маалыматтык материалдарды даярдоого жана басып чыгарууга, байланыш кызматтарына, жабдууларды сатып алууга жана жеткирүүгө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн шарттарды түзүүгө жумшалат.



