Akchabarsearch
"Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар тогуз айда эле 2.1 млрд сом айыппул төлөдү

Жарыяланган

2026-02-11, 12:52

"Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар тогуз айда эле 2.1 млрд сом айыппул төлөдү

Жол эреже бузуп, "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар быйылкы жылдын январь-сентябрь айлар аралыгында бюджетке дээрлик 2.1 млрд сом айыппул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.

Айыппулдардан түшкөн акча жылдын жылга өсүп жатканын айта кетүү керек: 

Маселен, былтыр январь-сентябрь айлар аралыгында 1.13 млрд сом айыппул төлөнгөн. Былтыркы тогуз айга караганда быйылкысында айыппулдардан түшкөн акча 1.8 эсе же 967.7 млн сомго көбөйгөн.

Ошол эле учурда "Коопсуз шаардын" камераларына түшүп калган айдоочулар 2025-жылдын ичинде 1.66 млрд сом айыппул төлөгөн. 2024-жылы болсо бюджетке айыппулдардан 937.5 млн сом түшкөн.

Эскерте кетсек, буга чейин өкмөт ушул айыппулдардан бюджетке түшкөн акчанын 50%ы Саламаттык сактоо министрлигине берилсин деген чечим кабыл алган. Ал акча тез жардам унааларды жана аларга керектүү жабдыктарды сатып алууга жумшалат. 


Тектеш материалды окуу