Akchabarsearch
Козлов: Кыргызстан билимдүү жаш адистерин жоготуп жатат

Жарыяланган

2026-26-06, 20:04

Козлов: Кыргызстан билимдүү жаш адистерин жоготуп жатат

Кыргызстандын билим берүү тармагына салган инвестициясы көбөйүп жатканы менен жаш жана квалификациялуу адистерин жоготууда. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) Алматыдагы жылдык жыйынында Назарбаев университетинин профессору Владимир Козлов билдирди.

Анын айтымында, экономиканын өсүшү үчүн билимдүү жана кесипкөй адистер өтө маанилүү. Бирок жаштар окуусун аяктагандан кийин чет өлкөгө иштегени кетсе, билим берүүгө жумшалган каражат күткөндөй натыйжа бербейт.

Профессор белгилегендей, Кыргызстанда чет өлкөгө эмгек мигранты болуп кеткен жаштардын саны өсүүдө. Алардын көбүнүн атайын орто же жогорку билими бар. 

Анын пикири боюнча, бул тенденцияны өзгөртүү үчүн өлкөдө жакшы маяна төлөнгөн, туруктуу жана сапаттуу жумуш орундарын түзүү зарыл. Бул жаш адистерди өлкөдө кармап калууга жана экономиканын өсүшүнө шарт түзөт.


Тектеш материалды окуу