Akchabarsearch
Кыргызстанда учактарды күйүүчү май менен ким камсыз кылат жана акча кимге түшөт?
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-12-11, 12:15

Кыргызстанда учактарды күйүүчү май менен ким камсыз кылат жана акча кимге түшөт?

Кыргызстанда учактарды күйүүчү май Asman Oil Company мамлекеттик компаниясы камсыз кылат. Бул тууралуу "Кыргызстан Аэропорттору" компаниясынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин аэропортторго учуп келип, учуп кеткен учактарды күйүүчү май камсыз кылуу тармагында жеке компаниялар да иштеп келген. Бирок азыр аны мамлекеттик компания болгон Asman Oil колго алган.  Эми авиакеросинди сатуудан алынган киреше мамлекетке түшөт.

Аталган компаниянын "Манас" жана "Ош" аэропортторунда отун комплекстери жана Сокулук районунда мунай сактоочу кампасы бар. Аларда жалпы 22 миң куб метр күйүүчү май сактоого болот. 

Учактарга керектүү авиакеросин Кыргызсанга Россия жана башка өлкөлөрдөн келет.


Тектеш материалды окуу