
Жарыяланган
2026-17-06, 17:43Нарын облусунда Куланак ГЭСинин курулушу уланууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Учурда Куланак ГЭСинде дамбанын, ГЭС имаратынын жана узундугу 6.5 чакырымды түзгөн суу жеткирүүчү каналдын курулушу жүрүүдө.

Куланак ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт’ты түзүп, жылына 435 млн кВт/саат электр энергия өндүрүп турат.
ГЭСти 2027-жылы пайдаланууга берүү пландалууда. Ал ишке киргенден кийин өлкөдөгү электр энергиянын тартыштыгы кыскарып, жаңы 2000ге жакын жумуш оруну түзүлөт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министр Эрлист Акунбеков Нарынга болгон иш сапарынын алкагында ГЭСтин курулушун көргөнү барган. Ал курулуш өз убагында жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырган.



