
Жарыяланган
2026-17-06, 17:03Кыргызстанда азыр 40 болгер гана салык төлөп жатат. Бул тууралуу Салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов блогерлерди салыктан бошотуу маселеси боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, ошол 40 блогер жылына 1.2 млн сом салык төлөйт. Айрым блогерлер жарнаманы тамакка жасап, киреше деле таппайт.
Шыкмаматов билдиргендей, азыр блогерлер 5 жылга салыктан бошотулса, бюджетке 6 млн сом салык түшпөй калат. Бирок ошол 5 жыл өткөндөн кийин алар 20-30 млн сом салык төлөй баштайт.
Ал учурда блогерлер ансыз да салык төлөбөй турганын, бирок жанагыдай жеңилдик берилсе, кийин алар ачыкка чыгып, салык төлөөгө өтөрүн белгиледи.



