Akchabarsearch
Нарында саркынды сууну тазалаган жаңы жай салынат

Жарыяланган

2026-17-06, 18:01

Нарында саркынды сууну тазалаган жаңы жай салынат

Нарын шаарында саркынды сууну тазалаган жаңы жайдын курулушу башталды. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, шаардагы саркынды сууну тазалаган жай мындан 60 жыл мурда салынып, азыр эскилиги жеткен. Эми анын ордуна 20 миң адамга эсептелген саркынды сууну тазалаган жай курулат. 

Возможно, это изображение облако, трава и гора

Ал жерде суу 3 баскычта (механикалык, биологиялык жана химиялык) тазалоодон өткөрүлөт. 

Аталган жай “Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоорунун II фазасынан алкагында салынат. Бул долбоордун алкагында Нарын шаарынын Чыгыш аймагына – 6, Батыш аймагына – 6, жалпы 12 чакырым канализация куурлары тартылган. 


Тектеш материалды окуу