
Жарыяланган
2026-12-02, 18:04“Кумтөр” 2025-жылы 706 млн доллар таза киреше тапты. Бул тууралуу маалымат Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жыйынында айтылды.
Жыйынга өкмөттүн биринчи орун басары Данияр Амангельдиев, Жаратылыш министри Медер Машиев жана башка жетекчилер катышты.
2021-жылдан бери “Кумтөр” мамлекеттин көзөмөлүндө. Бул убакытта өлкө бюджетине салыктар жана башка төлөмдөр катары 100.6 млрд сом түшкөн. Былтыр "Кумтөрдөн" кенден 70 тонна алтын казылган.



