
Жарыяланган
2026-27-02, 12:272021–2025-жылдары “Кумтөрдүн” өндүрүшүнөн түшкөн жалпы киреше 5 млрд 115 млн долларды, же 440 млрд сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар, же 100 млрд сомдон ашык акча каражаты түштү.
«Мындан тышкары, акыркы 4 жылда мамлекет 441 млн доллар, же 38 млрд сомдон ашык дивиденд алдык. Тарых үчүн салыштырып айта кетейин, 1994–2021-жылдар аралыгында Кыргызстан “Кумтөрдөн” 100 млн доллар дивиденд алганбыз. 410 тонна алтын чыкса, ошонун 1 тоннасы гана Кыргызстандын пайдасы болгон», — деди мамлекет башчы.
Жапаров бүгүнкү күндө “Кумтөр” бюджеттин туруктуу булагы болуп, социалдык милдеттемелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылып жатканын белгиледи.



