Akchabarsearch
«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын бардык акциясы «Кумтөр Голд Компаниясына» өткөрүлдү

Жарыяланган

2026-25-05, 15:02

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын бардык акциясы «Кумтөр Голд Компаниясына» өткөрүлдү

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын бардык акциясы «Кумтөр Голд Компаниясына» өткөрүлдү. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» билдирди.

Маалыматка ылайык, чечим Тоголок алтын кенин иштетүү жана Жангарт аймагындагы геологиялык чалгындоо иштерин тездетүү максатында кабыл алынды. 

Буга чейин «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жалгыз акционери «Кыргызалтын» болуп келген. Эми компания толугу менен «Кумтөр Голд Компаниясынын» башкаруусуна өттү.

Тоголок алтын кени Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан. Кен 1978-жылы ачылган.

Компаниянын маалыматына ылайык, азыр кенде даярдык жана тоо-кен иштери жүрүп жатат. Алгачкы руданы казып алуу быйылкы жылга пландалууда. Ошондой эле Жангарт аймагында геологиялык чалгындоо жана бургулоо иштери уланууда.

Тоголок кенин өздөштүрүү 10–15 жылга эсептелген. Анда болжол менен дээрлик 20 тонна алтын запасы бар.

 


Тектеш материалды окуу