
Жарыяланган
2026-16-07, 11:37Быйыл, 2026-жылдын алгачкы алты айында “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому мамлекетке салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 19 млрд сом которуп берди. Бул тууралуу компаниянын Мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Болотбек Идирисов “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, ушул мезгилде компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнөн түшкөн жалпы киреше 733 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 419 млн доллар таза киреше болгон.
Мындан тышкары, «Кумтөр» быйыл «Кыргызалтын» ААКсына дивиденд катары 300 млн доллар төлөгөн.
Ал эми, Кумтөр кени мамлекеттин башкаруусуна өткөн маалдан, тактап айтканда 2022-жылдын башынан 2026-жылдын июль айына чейин мамлекетке салык жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө жалпысынан 1 млрд 233 млн доллар которулган. Бул убакыт аралыгында компаниянын жалпы кирешеси дээрлик 5 млрд долларга жетсе, таза кирешеси 2.2 млрд долларды түзгөн.
Идирисов салыштыруу үчүн, кен иштей баштагандан тартып мамлекеттин башкаруусуна өткөнгө чейинки дээрлик 30 жыл ичинде төлөнгөн дивиденддердин көлөмү 101 млн доллар болгонун белгиледи.
Учурда «Кумтөр Голд Компани» ишканасында 3.5 миңге жакын кызматкер эмгектенет.



