
Жарыяланган
2026-26-08, 18:21“Кумтөрдөн” жети айда өлкө бюджетине 17 млрд 50.4 млн сом киреше салыгы түштү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп.
2025-жылдын январь–июль айларында бул көрсөткүч 8 млрд 652 млн сомду түзгөн. Бир жылда киреше 8 млрд 398.4 млн сомго же 97.1%га өскөн.
Түшкөн каражаттын негизги бөлүгүн «Кумтөрдүн» дүң киреше салыгы түздү. Жети айда компания бюджетке 11 млрд 861.2 млн сом төлөгөн. Былтыр ушул мезгилде бул сумма 6 млрд 541.8 млн сом болгон.
Мындан тышкары, Кыргызстанда минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жыл сайын төлөнүүчү каражаттан 5 млрд 64.5 млн сом түштү. 2025-жылдын ушул мезгилинде бул төлөм 2 млрд 110.1 млн сомду түзгөн. Демек, бир жылда бул төлөм 2.4 эсеге өскөн.
Жыйынтыгында, бюджетке түшкөн каражаттын өсүшүнө дүң киреше салыгы жана минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө багытталган төлөмдөр камсыздады.



