
Жарыяланган
2026-01-04, 18:03"Кумтөр" ишканасынын былтыркы кирешеси 1.434 млрд долларды түздү. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчетунда айтылат.
Өткөн жылы Кумтөрдө 12 миң 81 кг алтын казылып алынган. Компаниянын 2025-жылдагы кирешеси 1 млрд 434 млн долларды түзүп, ал эми таза пайдасы 706 млн доллардан ашкан.
Бюджетке салыктар жана башка төлөмдөр түрүндө 246.5 млн доллар которулган. Ошондой эле дивиденд түрүндө 300 млн доллар төлөө чечими кабыл алынган.


