Akchabarsearch
Кумтөрдө алтындын өздүк наркы эмне себептен кымбаттады?

Жарыяланган

2026-13-03, 15:32

Кумтөрдө алтындын өздүк наркы эмне себептен кымбаттады?

Кумтөр алтын казуу азайып, өндүрүлгөн алтындын өздүк наркы кымбаттады деген билдирүүлөр боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, Кумтөрдөгү тоо-кен казып алуунун шарттары оорлошуп, алтынды ылгап татаалдашкандыктан алтындын өздүк наркына таасир эткен.

Былтыр бардык чыгымдарды, салыктарды жана башка төлөмдөрдү эсепке алганда, бир унция алтындын өздүк наркы 1 миң 884 долларды түзгөн.

Өздүк нарктын өсүшүнө дүйнөдөгү акыркы геосаясий окуялар жана логистика, күйүүчү май, реагенттер, тетиктер, электр энергиясынын бааларынын кескин жогорулашы себеп болгон. Мисалы: күйүүчү май 50%, реагенттер жана химикаттар 70%, оор техника жана жардамчы тетиктер 30%га кымбаттаган. 

Ошондой эле логистика кыйындап, мурда үч аптада келчү товарлар үч айда жетип, транспорттук чыгымдар 106% же эки эсе өскөн,  электр энергия 92% кымбаттаган.

2025-жылы Кумтөр 12 миң 81 килограмм (388 418 унция) алтын өндүрүп, бир унциянын баасы жыл башында 2 миң 882.7 доллардан башталып, аягында 4 миң 612.95 долларга жеткен. Орточо баасы 3 миң 711 долларды түзгөн.

Алтын өндүрүүдөн түшкөн жалпы киреше 1 млрд 434.6 млн доллар, таза киреше 706 млн доллардан ашкан. Салык жана башка төлөмдөр түрүндө 246.5 млн доллар которулган.
 


Тектеш материалды окуу